Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаар соту Сапар Исаковдун ишин карайт

Жактоочунун айтымында, соттор көзөмөлдө турат, анткени бул зарыл болгон кадам

Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүн узартууга болгон жактоочунун каяша арызын карайт. бул тууралуу  Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Отурум бүгүн саат 15:30 болот.

Юристтин айтымында, мыйзамдын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл.

- Мыйзамдын иштебешин билип туруп, соттордун көзөмөлдө тураарын билип туруп ушул кадамга барып жатабыз, - дейт ал. Анткени менен ар бир арызга прокурор жана соттордун колдору коюлуп жатат жана муну менен алар мыйзамды зордуктап жатышат. Мындай кол жазмалар өрттөлүп кетпейт.
 

Эске салсак, мурун Биринчи май райондук соту мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун камакта калуусун 5-октябрга чейин узарткан чечим чыгарган болчу.

2018-жылы 29-майда Бишкек ЖЭБдеги коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында  мурунку премьер-министр Сапар Исаковду КР КК 303 беренесинин 1б. (Коррупция) боюнча айыпталган.

Биринчи май райондук сотунун 5-июндагы чечими менен аны УКМК убактылуу тергөө абагына тергөө бүткүчө калтырышкан.

13-июнда бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх