Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков камакта калат

Мурдагы премьер-министр тергөөчүнүн Москвага да жиберем дегенине таянып, өзүн коё берүүсүн суранды

Бишкектин шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун камакта калтырды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Отурумда жактоочунун биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн карашты.

Жолдубаеванын айтымында, сот Сапар Исаковдун келитирген дооматына карабастан чечим чыгарып койду.

- Сотто Нурбек Токтакунов анын коргогон адамын камакта кармоого негиз жок, - деп билдирди. - Сапар Исаков иликтөөгө жардам берээрин жана тергөөчүлөр маселени акырына чейин чечкенге кызыкдар экендигин айтты. Ал Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып , анын коргогон адамын үй камагына чыгаруусун өтүндү.

Ошону менен бирге Жолдубаева Сапар Исаковдун өзүнө ишенсе боло турган фактыларды келтиргенин  белгилеп кетти.

- Сапар Жумакадырович өз сөзүндө өзүнүн башынан бери эле иликтөөгө жардам бергиси келгендигин айтты, - деп улантат ал. - Ал тергөөгө өз убагында келип жүргөндүгүн айтты. Ал тургай тергөөчү аны Москвага коё бергенде да качкан эмес.

Эске салсак, мурда Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун камакта калуусун 5-октябрга чейин узарткан.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх