Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз темир жолундагы» жаңжал: коштоочулар (проводниктер) президентке кайрылышты (видео)

Ишкананын кызматкерлери Сооронбай Жээнбековдон мекемедеги коррупциялык коз боочулукка көңүл буруусун суранышат

«Кыргыз темир жолу» коштоочулары Алия Асанбаева жана Рахат Ахматова мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасашты.                                    

КТЖ кызматкерлери ишканадагы коррупциялык көз боочулукка көңүл бурууну суранышат, ал жердеги териштире турган бир нече көйгөйлөрдү эсептеп беришти.

Алырдын сөздөрүнө карганда, КТЖ жетекчилиги 2014-жылы кредитке 6 тепловоз алышкан, бирок карызды жапканга каражат болгон эмес. Алар ишкананын кызматкерлеринин айлык акысынан кармай башташкан.

Ошондой эле, катардагы жумушчулар мекеменин эски жатаканасында жашоого мажбур болуп жатышат. Ал эми КТЖ жетекчилери ишкананын аймагына хан сарай салып жатышат.

Коштоочулар жумушка кийе турган форма тууралуу да айтышты. Алар айлыгыбыздан кармап калып, анан сапатсыз кийим тигип беришкендери мыйзамдуубу деп суроо беришет.

Аягында «Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери билети жоктор менен болгон жаңжалды эскерте кетишти.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх