Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүн жаңы аппарат башчысын каникулдан кийин тандашат

Талапкерди азыр өргүүдө жүргөн депутаттар бекитиши керек

Өкмөттүн жаңы аппарат жетекчиси азырынча аныктала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР өкмөтү билдирди.

Мыйзамга ылайык Өкмөттүн жаңы аппарат жетекчисин 5 иш күнүнүн ичинде Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырышы керек болот деп түшүндүрүштү андагылар.

- Андан кийин ЖК карап жана бекитиши керек, - дешти премьер-министрдин аппаратындагылар.

Зарыл процедуралар тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Айнуру Алтыбаева айтып берди.

О необходимой процедуре Vesti.kg сказала и депутат Айнуру Алтыбаева.

- Ооба, жаңы талапкердин атын Жогорку Кеңешке премьер-министр угузушу керек, биз ага күзүндө каникулдан кийин чечим чыгарабыз, -деди ал.

Эске салсак, 8-августта президенттин буйругу менен өкмөттүн Аппарат башчысы Мурат Мукамбетов кызматынан алынган.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх