Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Биз адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн арттырабыз

Президент КР туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынын ачты

Узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы адамзаттын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүсү менен айырмаланат. Ал мамлекеттик саясаттын көңүл борборунда болот. Сооронбай Жээнбеков жыйында мына ушундай деп билдирди.

Анын айтымында, бул өзүнө бир гана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камтыбастан, соттук, укуктук жана демократиялык өнүгүү тармагын да камтыйт.

- Биздин руханий байлыкка аяр маиле кылуу, улуттук салтка артыкчылык берүү, ошондой эле улуттар аралык келишим, маданият жана тилди өнүктүрүү артыкчылыктарына баа беришибиз керек, - деди мамлекет башчы. - Биз учурда жана келечекте ар кандай күтүүсүздүктөргө даяр болушубуз керек. Дүйнө баттан өзгөрүп жатат. Бул нерсе үчүн адам ресурсунун санын жана сапатын өстүрүшүбүз керек.  Адамдык сапатты алдыңкы планга алып чыгышыбыз керек.

Эске салсак, бүгүн КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп жатат, анда Кыргызстандын узак мөөнөттөгү 2040-жылга чейинки өнүктүрүү Стратегиясы каралып жатат.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх