Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат аймактарга өзгөчө көңүл бурууну президенттен сурады

Алмамбет Шыкмаматов Улуттук кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү артыкчылыкка ээ болушу керек. Бул туурасында Улуттук кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, ар бир өлкө өзүнүн артыкчылыгынан пайдаланат.

- Биздин артыкчылыгыбыз - бул айыл чарбасы, кудум ушул тармакка биз басым жасашыбыз керек, - деди эл өкүлү. - Акимдер менен губернаторлор аймакты өнүктүрө алышпайт. бир гана инвесторлор өнүктүрүшү мүмкүн. Мисалы, орусиялык инвесторллор келүүгө даяр.  Алар «Бизде акча бар, бизге шарт гана түзүп бергиле», - дешет. Ошондуктан мен ушул учурда стратегия иштеп чыгууну суранат элем.  

Эске салсак, бүгүн Улуттук кеңештин жыйыны болуп жатат. Ал жерде Кыргызстанды 2040-жылга чейин узак мөөнөткө өнүктүрүү Стратегиясы каралып жатат.

Бакыт Стамов
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх