Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Админресурсту шайлоодо колдонгондорду жазага тартышат

Боршайкомдун жумушчу тобу шалоо мыйзамына бир катар түзөтүүлөрдү киргизди

Мыйзамга админресурсту колдогондугу үчүн деген өзүнчө берене киргизүүнү бүгүн туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында Нуржан Шайлдабекова сунуштады.

Анын айтымында, мыйзам бузган кишини белгилүү бир кызматты ээлөөгө тыюу салышат.

- Биз ошондой эле шайлоочуларды сатып алууга тыюу салуучу статья да киргизүүнү сунуштайбыз, деди БШКнын төрайымы. - Андын сырткары, саясий партиялар тууралуу мыйзамга да толуктоо киргизүү зарыл. Ал жерде эки учурду катаалдантыш керек: талапкердин ачыктыгын камсыздоо жана компаниянын каржы булактарын ачык көрсөтүү. Биз 2019-жылы зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизип, 2020-жылы калкка бардык өзгөрүүлөрдү түшүнүктүү кылып жарыялашыбыз керек. ЖК канукулдан келгенден кийин, жумушчу топ өздөрүнүн сунуштарын талкууга коёт.

Эске салсак, КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйыны болду.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх