Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун камакта калуусун дагы узартышты

Чечимди Алматы шаардык соту кабыл алды

Алматыда кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асылбек уулу Дамирбектин камакта калуусун дагы узартышты. Бул тууралуу казак ММК тары жазып чыгышты.

Алматынын шаардык соту камакты 2018-жылдын 15-октябрына чейин узарткандыгын билдиришти. Чечим 9-августта кабыл алынган.

Эске салсак, мурда ушул эле сот камакты 15-августка чейин узарткан болчу.
Февраль айында Дамирбек Асылбек уулун казак күч органдары атайын операция учурунда кармашкан.


Депутатка карата 234-берененин 2 п. 3 б. менен кылмыш ишин козгошкон ( Евразиялык Экономикалык уюмдун  ири өлчөмдөгү товарларын бажы чегарасы аркылуу мамлекеттик функцияны аткаруучу ыйгарым укуктуу адам тарабынан ташуу) жана Казак Республикасынын КК 264 беренесинин 2 б. менен «Эл аралык уюмдашкан топко катышуу же эл аралык ушкан кылмыштуу топко катышы бар» кылмыш ишин козгогон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх