Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Албек Ибраимовго боштондук». Мурдагы мэрдин тарапташтары Жогорку соттун жанында (сүрөт)

Жогорку сот СИЗОдо кармоо бөгөт чарасын күчүндө калтырыды

Мурдагы шаарбашчынын 100гө чукул тарапташтары Жогорку соттун алдында Албек Ибраимовду камактан бошотуу талабы менен турушат

Алар «Албек Ибраимовго боштондук» деген жазуулары бар плакаттар менен келишти.

Бүгүн Жогорку сот Бишкектин экс-мэринин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү арызын карады. Отурум саат 11:00 башталды.



Сот Албек Ибраимовду 2018-жылдын 29-августуна чейин камакта калуусун узарткан чечим чыгарды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына экс-чиновниктин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

- Биринчи жана экинчи инстанциялардын кетирген каталарына Жогорку сот юридикалык баа берген жок, жыйынтыгында арызды канааттандыруусуз калтырды, - дейт жактоочу.

Эске салсак, мурунку мэрду 2018-жылдын 19-июнунда кармашкан. Аны алдамчылык жана коррупция боюнча айыпташууда.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх