Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат шайлоо салыгын азайтууну сунуш кылат

Анын ордуна президенттикке талапкерлер жана  партиялар мүмкүнчүлүг чектелген адамдар үчүн үгүт материалдарын даярдоого милдеттүү болушат

Депутат Дастан Бекешов (КСДП) шайлоо салыгын 10 пайызга төмөндөтүүнү сунуш кылды. Президенттикке талапкерлер ушул суммага БШКнын макулдугу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн үгүт материалдарын даярдоого милдеттенишет.

Мыйзамга түзөтүү киргизүү долбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.

«Эгерде саясий партиялар мүмкүнчүлүг чектелген адамдарга үгүт материалдарын таркаткылары келсе, анда шайлоо салыгынын ондон бирин, башкача айтканда 500 жана 1000 сомдон ашуун жумшашы керек. Эгерде президенттикке талапкер болсо анда 100 миңден ашык сом жумшашы керек, - деп түшүндүрдү депутат өзүнүн негиздөөчү тактамасында » .

Материалдарды ылайыкташтыруу үгүт видео тасмалары түрүндө, же аларга ылайыктуу тилде, басылма баракчаларды Брайл тамгалары менен, ал эми тексттик материалдарды жазуу аудиоформатта болуусу керек.

Бирок бул пикир юристтерге анчейин эле жаккан жок.
БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде мыйзамга түзөтүү киргизгенден мурун ал жерде болгон мурдагы белгилерди териштирип алуу зарыл экендигин белгиледи.

- Адегенде баарын тартипке келтирип алып ананжаңы нерсени сунуштоо керек, - деди ал.

Юридика илимдеринин доктору, БШКнын учурдагы мүчөсү Кайрат Осмоналиев буга макул болду, анткени сунуш кылынган нерсе шайлоо процессин толуктоого мүмкүнчүлүк түзөт.

- МЧА үчн атайын үгүт материалын жасоо - бул жакшы нерсе, - дейт ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Бирок бул жерде салыкты колдонуу туура эмес, мындан мамлекет да БШК да колдонуугу акысы жок. Эгерде мыйзам жол берсе мен колдомокмун. Биз ЖЧА адамдарды кантип шайлоого катыштыруу тууралуу тажрыйбабыз бар, бирок бул идея дагы бир инструмен болуп калмак.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх