Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Барак эксклавын Өзбекстанга берүүнү кыргызстандыктар өздөрү суранышты...»

Экс-вице-премьер Өзбекстан менен жер алмашуу тууралуу оюн бөлүштү

Түшүндүрө кетели, ММКтары Кыргыз өкмөтү өзүнүн аймагында турган Барак эксклавын Өзбекстанга бергенди көздөп жатат. Ордуна Кыргыз өкмөтү ар түрдүү жер участокторун алууну каалайт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирет.

Качан алмашышы азырынча белгисиз. Бул маселе боюнча азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кырдаалдан кызыктай болуп чыгуу боюнча өзүнүн оюн Vesti.kg  сайтына чегаралар боюнча эксперт, мурунку вице-премьер-министр Токон Мамытов бөлүштү. Ал мамлекеттердин аймактарды алмашуусу дүйнөлүк практикада бар нерсе деп сооротот.

- 2014-жылы өзбек тарап биздин жарандар үчүн КППны жаап салып, Кызыл-Кыя аркылуу өткөнгө туура келген. Барак эксклавына өкмөттүк делегация барган, - деп эске салды ал. - Ошол убакта Барактын жашоочулары бул жерди таштап, Кыргызстандын негизги аймагына кетебиз дешкен. Бирок мен аларга айткамын, жөндөн жөн эле Кыргызстандын 400 гектар жерин ташттап коюу жарабайт деп. Ошондо алар бул жерди өзбектердин башка жерине алмашалы дешкен.

Токон Болотбекович тарыхта чегара маселесин чечүү үчүн мамлекеттер өздөрүнүн аймактарын алмашкан бир нече учурларды эске салды.

- Нидерланды менен Бельгиянын ортосундагы талаштуу аймак бар, бул жердин бөлүктөрүн мамлекеттер алмашып алышкан, - деп айтты ал. - Андан сырткары Индия менен Пакистанды мисал кылсак болот. Мындан эч кандай жаман нерсе издөөгө болбойт.

Экс-вице-премьер бул Барак эксклавын алмаштыруу идеясы өкмөттүн эмес, элдердики экендигин кыргыз элине жеткирүү керек деп эсептейт.
 
- Кийин ойлоп жүрүшпөсүн, чегарачылар же премьер ойлоп тапты, - деп түшүндүрдү ал. - Бул маселе 4 жылдан бери чечилбей келе жатат. Чечилип калса анда жашаган адамдардын тиричилиги жеңилдейт. Алар туугандарынан бөлүнүп калган, алардыкына кээде балдары келе албай калышат. Эң негизгиси алмаштыруу теңата түрдө гана болсун, анткени айдоо жерди таштакка алмаштырууга болбойт да.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх