Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол курулушуна Түркмөнстан да кошулушу мүмкүн

ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын президентинин Түркмөнстанга болгон сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтты

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттер менен болгон жоолугушуусунда Кыргызстан менен түркмөнстандын ортосунда кол коюлган келишимдерди маанилүү жана көрүнүктүү деп атады.

Анын айтымында, айыл чарба, маданият жана башка көптөгөн тармактарда келишимдерге кол коюлду.

- Ошону менен бирге мен алардын ичинен эң маанилүү экөөнү белгилеп кетким келет, - деди ал. - Биринчиси - бул стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларация. Ошентип биз тышкы саясатта өзүбүздүн артыкчылыгыбызды көрсөтүп жатабыз. Экинчиси болсо экономика тармагына тийешелүү. Тактап айтканда, бул келишимди биздин өлкөнүн ишкерлери күтүп жаткан  - эки эсе салынчу салыктан качуу. Мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн жогорулатат.

Ошону мене бирге ТИМ башчысы транспорт жана ташууну өнүктүрүү боюнча келишимдин маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Бул нерсе авиаташууларга жана автомобилдик ташууларга тийшелүү, - деп улантты ал. - Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол курулушуна Түркмөнстанды кошуу маселеси да козголду.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанда жүрөт. Кечээ Кыргызстан менен Түркмөнстандын мекемелер аралык документтерине кол коюу аземи болуп өттү. Бүгүн Кыргызстандын президенти мейман катары Аралды сактап калуу эл аралык фондду түзгөн мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Бакыт Стамов
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх