Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти

Эки өлкөнүн башчылары стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюуну көздөп жатышат

Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапар менен  Түркмөнстанга учуп кетти.

Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери кеңири жана тар форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Кызматташтык жана мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууга алынат.

Ошондой эле онго жакын документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө. Алардын ичинен эң негизгиси мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация болуп саналат.

Кыргызстандын президенти Арал деңизин сактап калуу боюнча түзүлгөн фонддун түзүүчүлөрү болгон мамлекет башчылардын саммитине катышат. Саммит Түркмөнбашы шаарында өтөт.

Расмий делегациянын курамына киргендер:

Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри

Данияр Сыдыков - президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

Жаныш Рустенбеков - Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси

Автандил Кулбараков - Жогорку Кенештин депутаты

Таабалды Тиллаев - Жогорку Кенештин депутаты

Жамшитбек Калилов - транспорт жана жол министри

Нурболот Мирзахмедов - өзгөчө кырдаалдар министри

Нурбек Мурашев - айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри

Азиз Суракматов - Бишкек шаарынын мэри

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх