Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Арал деңизин сактап калуу боюнча саммитке катышат

Ал мааракеге Орто Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары да келишет

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Аралды сактап калуу Эл аралык фондду түзгөн мамлекет башчылардын саммитине ардактуу конок катары катышат. Саммит «Аваз» Конгрее-борборунда өтөт, ал Түркмөнбашы шаарына жакын жерде. Бул тууралуу Vesti.kg сайтынын өз кабарчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, саммитке Орто Азия мамлекеттеринин - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары келет.

Мурдатан даярдалгандай, орто азиялык мамлекеттердин лидерлери адегенде тар чөйрөдө жоолугушат, анан кеңири өңүттө өтүүчү салтанаттуу жоолугушууга чыгышат.

Белгилей кетсек, Аралды сактап калуу Эл аралык фондун түзүү тууралуу чечим 1993-жылы 4-январда кабыл алынган.
2016-жылы Кыргызстан ал фонддун курамынан чыгып кеткен.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх