Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтү узарды

Ордо калаанын экс-мэри УКМКнын тергөө абагында сентябрдын аягына чейин кала турган болду

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта калтырышат. мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, мурда Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун камакта калуусун 2018-жылдын 28-августуна чейин деп чечим чыгарган.

УКМК МТБ 18-майда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Кубанычбек Кулматовго КР КК 303 беренесинин 1 б.(Коррупция) менен айып таккан. Ал эч жакка чыкпоо тууралуу подписка менен турган. Бирок Биринчи май райондук соту 5-июнда бөгөт коюу чарасын УКМКнын тергөө абагына киргизүү менен өзгөрттү.

14-июнда Бишкектин мурунку мэрине карата 350 берене 2б. ( Жасалма документ жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөр, бланктарды жасалма чыгаруу) жана 346 - берененин 1 б. «Чегараны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен иш козголгон.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх