Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына биринчи ат салыша турган адам дайын болду
- жолу 663 кароо
«Кыргызстан» фракциясы өз талапкерин чыгарды
Бишкек шаар кеңешинин төрагалыгына ат салыша турган адам пайда болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына шаар кеңешинин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Таалайбек Сагынов билдирди.
- Биздин фракция бул орунга Кубанычбек Коңгантиевди сунуштап жатат, - деп билдирди ал. - Башка фракциялар азырынча кеңешме өткөрүп жатышат.
Таалайбек Жолдошбекович эмне үчүн «Кыргызстан» фракциясы Коңгантиевди спикерлик орундан көргүлөрү келээрин түшүндүрдү.
- Бул жаш, бирок ошол эле учурда тажрыйбалуу депутат, билими да жетишээрлик, - деп белгиледи ал. Кеңештин активдүү мүчөлөрүнүн бири. Эң негизгиси Коңгантиев БШКнин деңгээлин көтөргүсү келет.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Коңгантиев экс-башпрокурор Камбараалы Коңгантиевдин уулу. Ал Бишкек шаардык кеңешинде эки чакырылыштан бери отурат.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Окшош макалалар
- «Бишкек шаар кеңешинде жаңы коалиция түзүү - кландык топтор менен макулдашуу»
- Бишкек шаар кеңешинин коалициялык көпчүлүгү урады
- БШКнин төрагалыгына ат салышчуларды азыр тандаша элек
- Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо күнү азырынча белгилене элек
- Депутаттар бишкектиктерди мэрге талапкерди өздөрү тандоосун сунушташты