Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ММБФнын экс-башчысы өзүн коррупция менен күрөшкөндүгү үчүн кызматтан бошотушту деп билдирди

СИЗОго камалган Болсунбек Казаков мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сындаган

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Болсунбек Казаков аны мамлекеттик мекемедеги тамыр алган коррупцияны жоём деп активдүү күрөш баштагандыгы үчүн кызматтан алышкандыгын билдирди. Казаков мекендештерине болгон кайрылуусун фейсбук баракчасына жарыялаган.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдына жана төрага катары менин алдыма өкмөттөн мамлекеттик мүлктү башкарууну пайдалуу башкаруу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилген эле, - деп жазат ал. - Биз өз кезегибизде фонддо иштеген мезгилибизде өкмөттүн ишенимин актоого бардык аракетибизди жумшадык».

Андан ары Болсунбек 8 ай ичинде эмнелерди жасап үлгүргөндүгү тууралуу иштерди санап берди:
 
Менин ишмердүүлүгүмдүн убактысында мамлекеттин менчигине 105 конфискация болгон обьекттер жана бир обьект карызды жабуу үчүн өткөрүлүп алынды. Бардыгы соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп берилди.

Мамлекеттик мүлктү пайдалуу колдонуунун аркасында бюджет 2,8 миллиард сом менен камсыз болду. Андан сырткары, республикалык бюджетке акча каражаты түрүндө 5,5 миллиард сом «Альфа Телеком» ААК түшүрдүк. Баары болуп 8 ай ичинде акча каражатынын республикалык бюджетке түшүшү 8,3 миллиард сомду түздү. Ал эми фонддун алдына 2,2 миллиард түшүрүү тапшырмасы коюлган болчу.

Мамлекеттин чыгымдарын азайтууда, мамлекеттик ишкананы жакшыртууда  жана баланста турган мамлекеттик мүлктү пайдалуу башкарууда чоң иштер жасалды. Атап айтканда, мамлекеттик 1000 ишканадан оптималдаштыруудан, кайра түзүүдөн жана жоюудан кийин 130 мамлекеттик ишкана калды.
«Электрондук аянтча» түзүү жана ишке киргизүү боюнча эбегейсиз иштер кылынды жана мамлекеттик мүлктөрдү күрөөгө берүү да оң жолго коюлду.

 Республиканын тарыхында биринчи жолу «мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо» түзүлдү жана электрондук программа ишке кирди.
Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылында жайгашкан «Асыл»  балдардын ден соолук борбору мыйзамсыз иштеп жаткандыгына байланыштуу  кайтарылып алынды, анткени ал 1996-жылдан бери Кыргызстандын Эл аралык университетинин карамагында болчу. Өкмөттүн № 215-р 2017-жыл 08. 06. токтомуна ылайык ал комплекс илим, билим Министрлигинин ыкчам башкармасына  берилген эле.

 Акционердик коомдордун жана башка чарбалык субьекттердеги мамлекеттин пайдалуу өнүгүүгө байланыштуу үлүшүн изилдөө иши башталып калган.

«Тилекке каршы, Сооронбай Жээнбековдун премьерлик кызматтан кетиши менен көп долбоорлор ишке ашпай калды, анткени биз жаңы өкмөт башчы Сапар Исаковдон колдоо таба алган жокпуз. Акыркы кезде мени жана Бакыт мураталиевди кызматтан алып салган.Менин көз крашымда мени жана менин орун басарымды кызматтан алууга биздин тамыр алган коррупциялык схеманы жок кылууга болгон чечкиндүү аракеттерибиз себеп болду», - деп ал өз сөзүн аяктады.

Эске салсак, азыр Болсунбек Казаков СИЗО № 1 камалып турат. Максим Бакиевдин VIP- коттеджин мыйзамсыз саткандыгы үчүн ага кылмыш иши козголгон.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх