Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик салымдардын программасын ойдогудай аткарбагандыгы үчүн жетекчилерди жоопко тартышат

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров бул маселе тууралуу жыйын өткөрдү

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мамлекеттик салымдардын бюджеттик программасын аткаруу маселеси боюнча 2018-жылдын жарым жылдык жыйынтыгын чыгаруу жыйынын өткөрдү.
 
«Өкмөт өлкөнүн экономикасына сырттан салым тартуу маселесине көңүл бурууда, - деп белгиледи ал.  Ошону менен катар жеңилдетилген насыялар, гранттар каралууда, анткени алар экономиканын өсүшүнө инфраструктуранын жаңыланышына  жана мамлекеттик, социалдык кызматтардын жогорулоосуна өбөлгө болот. долбоорлорду ишке ашыруудагы каражаттарга жана иш аракеттерге карабастан министрликтер жана мамлекеттик мекемелер тарабынан ишти начар аткаруу тенденциясы байкалууда».
 
 
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын өздөштүрүүнүн начар  деңгээли мамлекеттик салым долбоорлорун башкарууда көйгөй бар экендигин айгинелейт.
 
Алардын арасында - бюджеттик пландоонун начар сапаты жана салым долбоорлорунун ишке ашуусун кечеңдетүү бар.
 
« 70 %  МСП каражатын өздөштүрүү - бул начар сапаттагы бюджеттик пландоо болуп эсептелет. Ал эми МСП бюджетин ойдогудай аткаруу үчүн каржылык тартипти күчөтүү зарыл жана аткаруучулардын ар биринин жоопкерчилигин аныктоо керек. Долбоорду каржылоонун сапатын жогорулатуу менен бирге алардын ишке ашуу монитрингин күчөтүү керек, ишке ашырууда катыша турган тараптар менен тыгыз аракетте болуу зарыл. Ошондой эле мамлекет ичиндеги жол-жоболорду оптималдаштыруу керек», - деди ал.   
 
Вице-премьер-министр мамлекеттик салымдарды ойдогудай ишке ашыруу үчүн жетекчилердин ар биринин жоопкерчилигин күчөтүү зарылчылыгын кошумчалай кетти.
 
Отурумдун жыйынтыгы боюнча, министрликтердин жана мекемелердин башчыларынын орун басарларына тартиптик чараларды колдонуу тууралуу  чечим кабыл алынды.
 
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
 
 
 


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх