Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Баарыбызды алдашты...». IT-адистери «Коопсуз шаар» боюнча тендерге катылган сырларды айтып беришти

Мындан тышкары, алар Мамлекеттик сатып алуулар порталынын системасы бузулуп, өз алдынча эле конкурстун жыйынтыгын катып салды деген маалымат "абсурд" деп атады

Бүгүн «Коопсуз шаар» боюнча аукционду өткөн жок деп таанышты. Бул туурасында бүгүн маалымат жыйынында маалымат технологиясынын Мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди. 

Чиновниктин айтымында, мамлекеттик сатып алуу порталынын системасы жеңүүчүнү аныктай алган жок, ошондуктан мекеме тендерди кайрадан өткөрөт.

«Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга караганда, бузулуунун себеби «Коопсуз шаар» долбоору менен байланыштуу эмес. Биз конкурсту сөзсүз кайрадан жарыялайбыз», - деп билдирди ал. 

Мамлекеттик байланыш комитетиндегилер болсо, көптөн күткөн тендер техникалык бузулуудан улам кулпуланып калды, анткени «Мегалайн» өтө эле чоң сумманы көрсөтүп койгон деп билдиришти.

Жергиликтүү IT-компаниялардын адистери Vesti.kg сайты менен болгон маектешүүдө мунун баарын абсурд деп аташты.

- Системаны иштеп чыгарган адистер сумма кандайдыр бир белгилүү чектен өткөн соң бузула турган кылып жасамак беле. Бирок система тендердин жыйынтыгын кулпулап салды деген билдирүү сандырак. Бардык маалыматтар алтургай өчүрүлгөндөн кийин да серверде сакталат, аны техникалык жактан калыбына келтирүүгө мүмкүн болчу. Бул иш бир нече саатка эле созулмак. Калыбына келтирүү бир гана учурда, бирөө атайылап иш аракет жасаган гана учурда ишке ашпай калат. Кантип эле кимдир бирөө системанын алгоритмине ушундай таң калыштуу нерсени киргизип койсун?, - деп суроо узатышты компаниянын кызматкерлери.

Анын үстүнө IT-адистери бардык маалыматтар кулпуланып калган күндө да тендерди уюштуруучуларда кагаз түрүндөгү  тийешелүү документтер сакталышы керек эле дешет.

- Тендерге катышуучулардын кагаз түрүндөгү заявкалары жана башка документтер кайда кетти, алар электрондук форматта берилбейт эле го? Бул жерде эки вариант бар: же бизди баарыбызды алдап коюшту, же начар адисти жалдап алышкан, ошонун кесепетинен кошумча көчүрмө алынбай калган, - дешет алар.

Кечээги аукциондон кийин компаниялар тууралуу маалыматтарды чогултуп жатышат деген гана шектүү ой кетет, андан башка эч нерсе жок бул жерде. Алардын бул долбоорду кантип ишке ашыраары тууралуу гана маалымат топтоо үчүн уштурулган аукцион экендиги таң калыштуу эмес.

Чамасы, миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калуу үчүн бул долбоорду ишке ашырууга эч ким деле кызыкпаган сыяктуу…

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх