Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Анара Мамбеталиева коррупционерлердин аттарын атады

Кызматтан бошотулган Мамэкотехинспекциянын кызматкери президенттен өзүн коргоосун суранат

Кызматтан бошотулган Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мамлекет башчыга кайрылуу жасап, коррупционерлердин аттарын атады. Бул туурасында видеотасманы ал фейсбук баракчасына жарыя кылды.

Анын айтымында, Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Самат Керимкулов жана каржы-экономикалык башкармасынын начальниги Гүлкайыр Жумашева коррупционерлер болуп саналат.

Андан сырткары, Мамбеталиева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бул кырдаалды териштирип аягына чыгат деп үмүт артат.

- Мага жана менин үй бүлөмө коркунуч туулуп жатат, - дейт ал өзүнүн видеокайрылуусунда. - Урматтуу президент, менин жана менин жакындарыма калканыч болуп берүүңүздү суранам.

Эске салсак, Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиеваны мекемедеги коррупция тууралуу жалгыз пикетке чыккандыгы үчүн кызматтан бошотушкан. Мурдагы мамлекеттик кызматчы эгерде анын коопсуздугун камсыздашса, коррупционерлердин аттарын атайм деген болчу.

Бакыт Стамов
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх