Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин шишиктен башка да, омурткаларында көйгөй бар экен

Саясатчы азырынча операция жасоого чыгына элек

Камактагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди неврология бөлүмүнө которгону жатышат. Мындай бүтүмдү дарыгерлердин консилиуму чыгарды, кеңешме ишембиде болгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

- Анын омурткаларында көйгөй бар экен, дарыгерлер аны неврологияга которууну туура көрүштү, - дейт жактоочу. - Ал эми калкан безиндеги шишкти алуу тууралуу болсо Өмүрбек Чиркешович бир чечимге келе элек, бирок дарыгерлер операция кылууга кеңеш беришти.

Эске салсак, «Ата-Мекен» партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаев колониядан Улуттук кардиология борборуна которулуп жаткырылган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www  




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх