Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: Алтай цивилизациясын окуп үйрөнүү мамлекеттер аралык достукту чыңдайт

Кыргызстандын президенти Эл аралык алтайлык конференцияны ачты

Алтай конференциясынын максаты жана тапшырмасы бир гана алтай цивилизациясына тийешеси бар элдер эмес, бүт дүйнө элдер үчүн терең мааниси бар. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мындай пикирин Эл аралык алтай конференциясынын 61- жыйынында айтты.

Президенттин айтымында, байыркы тарыхты изилдөө жана Алтай цивилизациясынын бай маданияты мамлекеттердин ортосундагы достукту чыңдайт.

- Тарыхый мурастардын жалпылыгына таянып, биз алтай элдеринин өнүгүүсүндө аны жаңы ресурс катары пайдаланышыбыз керек, - деди ал. - Биз Алтай мурастарын терең изилдеп аларды кийинки муундарга сактап, өткөрүп беришибиз керек.

Президент өз сөзүндө жакында боло турган көчмөндөр оюну тууралуу да эскерте кетти.

 Эл аралык алтай конференциясынын 61-жыйыны Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Кыргызстанда өтөт, - деп улады мамлекет башчы. - Ысык-Көлдүн жээгинде биз дүйнөнүн бардык континенттеринин спорт, маданият жана илим өкүлдөрүн топтойбуз.

Белгилей кетсек, азыр «АлаөАрча» резиденциясында Эл аралык алтай конференциясынын 61-жыйыны өтүп жатат. Ал иш чара көчмөн цивилизациянын көйгөйү тууралуу болот. Ал жерге дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнөн 150 чукул окумуштуулар келишти.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх