Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси менен жоолугушуудан баш тартты

Борбор калаанын муниципалитети жарандык активисттер менен андан соң блогерлер менен жоолугушуу уюштурууну көздөп жатышат

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев эртең жарандык активисттер менен жоолугушууну көздөп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын муниципалитетинин өкүлдөрү активисттер менен бирге шаар көйгөйүн талкуулашат.

- Биздин жоолугушуу уюштурушубуздун негизги максаты жарандык активисттердин мэрияга болгон талаптары же нааразычылыктары бар же жок экендигин билүү, - деди чиновник. - Биз алар менен шаардын өнүгүүсүн талкуулоону туура деп чечтик. Жоолугушууга Адиль Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Калича Өмүралиева жана бмшкалар макулдугун беришти. Равшан Жээнбеков менен Канышай Мамыркулова болсо жоолугушуудан баш тартышты. Анткени, Равшан Жээнбеков мэрияга эч кандай арызым жок деди.

Ал арада Балбак Түлөбаев мындай жоолугушуулар жума сайын өтөөрүн кошумчалады.

- Бул биринчи гана этап. Биз жума сайын тигил же бул топ менен жоолугуп турабыз, - деп улантты ал. - Кийинки жоолугушууну блогерлер менен өткөрүүнү болжоп турабыз.

Мэриянын аппаратынын жетекчисинин сөзңнө караганда, кийинкиде Азиз Суракматов өзү да жоолугушаарын айтты.

- Биз бардык активисттердин шаар көйгөйү тууралуу ойлорун жазып алабыз, кийинки жоолугушууда мэрди да катыштырабы, - деди Түлөбаев. - Биз мунун баарын даярдайбыз. Эми 10-15 сентябрдан кийин мэр да катыша баштайт.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх