Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЖЭБине 24 миллионго видеокамера сатып алышат. Кымбатыраак эмеспи?

Нааразы болгон эксперт бул каражаттарды пайдалуу жакка жумшашса болмок деп эсептейт

Бишкек ЖЭБине суммасы 24,6 миллионду чапчыган видеокамераларды орнотууну көздөп жатышат. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуу порталында жарыя болгон.

Жаңы  видеокөзөмөл системасы жардамчы жана негизги жабдуулар аркылуу ишке ашырылат имиш.

Мурда бул жылуулук борборуна 1 миллион доллардан ашык суммага камера орнотулгандыгы маалым. Ошондуктан энергетика эксперти Расул Умбеталиев Vesti.kg сайтына бул жаңы техникаларды сатып алуу максатка ылайык эмес деген оюн билдирди.

- ЖЭБди модернизациялоо максатында андай камераларды капкачан эле сатып алышкан да, бирөөсүнү баасы 14 миң доллардан болгон. Акча мурун эле коротулган, ошондуктан мен муну таптакыр туура эмес деп ойлойм, - деп белгиледи эксперт.

Ошону менен бирге эле Расул Акматович бул акчаларды башка бир пайдалуу жакка жумшашса болмок деп кошумчалады.

- Бул өлгөндүн үстүнө көмгөн, - дейт ал. -Бул иштин максатка ылайыгы жана пайдасы таптакыр жок. Андан көрө терезе, эшик, чатыр жана жаңы наосоторду сатып алышса болмок. Ушулар пайдалуураак болмок.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх