Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин экс-вице-мэрин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышты

Ренат Макенов тергөө бүткүчө үй камагында болот

Борбор калаанын мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгарышты. Чечим Биринчи май райондук соту тарабынан чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

УКМК тергөөчүлөрү тергөө мөөнөтүн узартууну өтүнүшкөндүктөрүн билдиришти.

- Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү 2018-жылдын 27-августунда каралган. Макеновду үй камагына 28-октябрга чейин, башкача айтканда тергөө бүткүчө коё беришти, - деп билдирди мекемеден.

Эске салсак, мурунку вице-мэр Ренат Макенов 2018-жылы 6-июлда кармалган. Аны жер үлүштөрүн мыйзамсыз жеке жактарга бөлүп берген деген кылмыш ишинин алкагында кармашкан болчу.

Бул ишке жер ресурстарынын Башкармасынын начальниги Урмат Мурзаканов да тартылган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх