Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматовду кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшыртуусу мүмкүн

БШК кийинки жыйында тийешелүү чечимди чыгарат

Кечээ Боршайком жарандык активист жана журналист Канышай Мамыркулованын Бишкек мэри Азиз Суракматовду мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча «Кыргызтест» системасынан  тест тапшыртуу арызын карады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Анын айтымында, БШК мүчөлөрү кийинки отурумда добушка коюуну чечишкен.

Андан сырткары, ал өз арызында Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев да ушундай эле экзаменден өтүшү керек деген. Ал өзүнүн талабын өкмөттүн 2017-жылы 13-июлдагы №430  Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин кыргыз тилин билүү деңгээлин окумуштуулардын комиссиясы эмес «Кыргызтест» аныкташы керек  деген токтомго таянып талап кылып жатат.
 
Эске салсак, мурда Биринчи май райондук соту Канышай Мамыркулованын доосун кароодон баш тарткан болчу. Сот өзүнүн чечимин мындай маселе менен Боршайком алектенет деп түшүндүргөн.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх