Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаар кеңешинин спикерлигине Коңгантиевдин уулу менен катар эле Салымбековдун тууганы да ат салышат

Кыскасы, бул КСДПдагы болжолдуу үч талапкердин бирөө. Фракция акыркы чечимди майрамдардан кийин чыгарат

Бишкек шаар кеңешиндеги КСДП фракциясы шаар кеңешинин спикерлигине талапкерлер тууралуу бүгүн талкуу кылышты. Азырынча үч талапкердин аты аталды: Жумабек Салымбеков, Валентина Лисниченко жана Эрмек Усубалиев.

Анын айтымында, фракция акыркы чечимди майрамдар бүткөндө чыгарат.

- Бардык иш чаралар, ДКО өткөндөн кийин биз талапкерлердин бирөөсүн коалициялык көпчүлүктүн жыйынына алып чыгабыз, - деп тактады Эрмек Сыргакович.

Ал ортодо Бишкек шаар кеңешинин маалымат кызматы өзүнүн талапкери боюнча бир гана фракция чечим чыгаргандыгын эскертти.

- Расмий түрдө бир гана «Кыргызстан» партиясы шаар кеңешинин төрагалыгына өзүнүн талапкерин көрсөттү - ал Кубанычбек Коңгантиев, - деди БШК.

Түшүндүрө кетели, жогоруда аталган талапкерлердин бири КСДП фракциясынан Жумабек Салымбеков Бишкек шаар кеңешинин депутаты, Дордой базарынын башкы директору. Ал экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу жана белгилүү бизнесмен Аскар Салымбековдун жакын тууганы.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх