Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР коопсуздук Кеңеши соцтармакта мониторинг кылып жатат

Тактап айтканда, ачык каттарды жана жарандардын кайрылууларын изилдеп жатат

Акыркы убактарда, жарандардын укуктарына тиешелүү айрым маселелер боюнча президент Сооронбай Жээнбековго коомдук тармактар ​​аркылуу жарандардын укуктарына тийешелүү тигил же бул маселе боюнча кайрылуулары көп катталууда. Буга коопсуздук Кеңешинин Катчылыгы көз салып жана бул багытта конкреттүү иштерди жүргүзүп жатат.

Тактап айтсак, коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кечээ Мамэкотехинспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева менен жоолукту. Жыйынтыгында соцтармакта айтылган конкретүү фактылар боюнча дагы бир жоолугушуу белгиленди.

Ошондой эле темир жолдогу коррупция тууралуу угузган Алия Асанбаева менен жоолугушуу болду.
 
Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбековдун Жалалабат облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү тургундар менен жоолугушуу болду.

Жоолугушуу учурунда Базар-Коргон районунун Мамкаттоо кызматынын мурдагы кызматкери Таалайбек Исаев Мамкаттоо кызматынгын мурдагы башчысы Э. Тарыхчиевдин "өзүнүн кабинетинде аны травматикалык пистолет менен атып майып кылгандыгын" өз көзөмөлүнө алуусун өтүндү.

Таалайбек Исаев соттун чечимине макул эместигин билгизди, анткени алар өтө жеңил өкүм чыгарып коюшкан. ошондуктан ал азыр ал мамлекеттик чиновник муниципалдык кызмтта отурат.

Бул кайрылууну иликтеп көрүп, коопсуздук Кеңеши ал ишти укук коргоо органдарына юридикалык баа берүүгө жиберди.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх