Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаевсиз КСДП» урааны эми Токтогул районунда да жаңырды

«Социал-демократтардын» партиялык жыйынына 4 айыл округунан 60ка чукул адам келди

Бүгүн Жалалабат облусунун Токтогул районунда «Атамбаевсиз КСДП» урааны астында кезектеги партиялык жыйын өтөт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, бул иш чарага Токтогул районунун 4 айыл округунан делегаттар келди.

- Бул жыйынга 60тан ашуун киши чогулду. Анда мурун төрт райондо кабыл алынган резолюция каралат, - деп тактады Сагынбек Үмөталиевич.

Эске салсак, мурад КСДПнын Москва, Сокулук жана Панфилов райондорундагы мүчөлөрү партиядан Атамбаевди чыгаруу тууралуу резолюцияны кабыл алышкан болчу. Мунун баары Абдрахмановдун айтымында КСДП партиясынын кезектеги сессиясында Атамбаевди партиянын катарынан чыгаруу максатында иштелип жатат.

Өз кезегинде «социал-демократтардын» расмий өкүлү бул иш чараны легитимдүү эмес деп атады.

«Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы бүгүнкү күндө өтө кыйын жана маанилүү жаңылануу жана тазалануу этабынан өтүп жатат. Анткени КСДП партиясына жеке кызыкчылыгы үчүн жабышып келгендер толтура, алар кезектеги сессияда Атамбаевди партиядан чыгаруу тууралуу жалган маалыматтарды элге жайып жатышат», - деп билдирди КСДПдан.   

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх