Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековго Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун арызы жетпей жатат

Ушул себептен юрист президенттин атына ачык кайрылуу жасады

Жактоочу Сергей Слесарев, камактагы Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун кызыкчылыгын коргоочу. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун дарегине ачык кайрылуу жасады.  
юристтин айтымында анын арызы президентке чейин жетпейт.

Өзүнүн катында ал төмөнкүлөрдү жазды:

«Мен өзүмдүн жактоочулук ишмердүүлүгүмдүн көп жылдык практикасында биринчи жолу менин коргоого алган кишим К.К. Кулматовдун ишиндеги тергөө жана соттук териштирүүлөрдө өтө көп сандаган процессуалдык жана башка эреже бузууларга күбө болдум.

К.К. Кулматовго карата козголгон кылмыш иштин негизсиздигин үч айдан бери менин коргого алган адамыма иликтөө иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү күбө болот.  
Кулматовго карата узакка созулган УКМКнын тергөө органынын мыйзамсыз кугунтугу Кыргыз Республикасындагы сот системасындагы көзөмөлдүн жоктугу, прокуратура тарабынан көзөмөлдүн жоктугу менин сизге кайрылуума себеп болду.

Бул менин сизге экинчи жолу кайрылып жатышым. Биринчи жолку арызым сизге жеткен жок, аны аппараттын сот реформасы бөлүмүнө жөнөтүп жиберишкендиктен эмдигиче жооп жок. Ошондуктан мен сизге ачык кайрылуу жасаганга мажбул болуп отурам.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кулматовго карата «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушуна байланышкан коррупцияда негизсиз жана мыйзамсыз айып тагышты.  Анын иш аракети Өкмөттүн 2014-жылы 13-ноябрда чыккан «Калыс-Ордо» конушундагы №502 мектеп тууралуу токтомуна байланыштуу болгон. Мектептин курулушу менен мэрия да Кулматовдун өзү да алектенген эмес. УКМКнын тергөө органдарында коррупцияга байланыштуу эч кандай далилдери жок. «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу Кытай компаниясынын акчасына бүткөн, ал акча мэриянын эсебине түшкөн эмес. Курулуш болсо жеке жалданма Кытай компаниялары тарабынан ишке ашкан.  «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп бүткөн жана мамлекеттик комиссиянын кабыл алуусу менен колдонуугу берилген, азыркы күндө да иштеп жатат. Мектепте 3000ге жакын бала окуйт.   
УКМК биринчи кылмыш ишке далил таппай туруп, мыйзамсыз түрдө экинчи кылмыш ишин козгоп жатышат. Тергөө органдары К.К. Кулматовдун Кыргыз жарандыгынан шек санап жатышат. Ага расмий берилген паспорт кандай жасалма болуп калат? Мыйзамдуу берилген паспорт менен 22 жыл аралыгында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн болчу беле?
Андан сырткары, экинчи кылмыш иши Кулматовду камоо үчүн биринчи кылмыш ишине негиз болуп берет имиш (мыйзам буга жол бербейт).

К.К. Кулматовдо орус жарандыгынын жоктугу юридикалык жана фактылык жагдайда айгинеленип турса да аны КР УКМКсы көрмөксөн болот.  Алтурсун аны коргоочулар тарабынан РФ расмий органдарынан алган жооптору да кырдаалды өзгөрткөн жок.
Бир нече айдан бери К.К. Кулматов УКМК СИЗОсунда мыйзамсыз камалып отурат. Мен эсептеген бир да мамлекеттик орган (УКМК, прокуратура, сот) анын укугун калыбына келтирейин деген ою жок. Көзөмөлдөөчү орган - Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы көңүл бурбай мыйзамды өтө одоно бузуп жатат.  Кулматовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүүнү карап жатышып (КР Жогорку соту баш болуп) соттук териштирүүлөрдү бузушту, мыйзам талап кылган процедуралардын эрежелери сакталган жок.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кубанычбек Кеңешович Кулматовдун бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө кийлигишүүңүздү суранам».

сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх