Бүгүн Жогорку сот Сапар Исаковдун ишин карайт
Анын жактоочусу өзүнүн коргоосундагы адамдын камактагы мөөнөтүн узартууга каршы талашат
Бүгүн Жогорку сот мурунку премьер-министрдин жактоочусунун камактагы мөөнөттүн узаруусуна каршы каяша арызын карайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди. 
Отурум саат 9:30 болот.
Эске салсак, Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун иши каралып жатканда жактоочу Нурбек Токтосунов Vesti.kg сайтына мыйзамдын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланаарын айткан болчу. 
- Мыйзамдын иштебегендигин билип туруп, соттордун көзөмөлдө тургандыгын көрүп туруп биз ушул кадамга барып жатабыз, - деди ал.  - Бирок биздин ар бир арызыбыз менен алар өздөрүнүн мыйзамды тебелеп жатышкандыктарын айгинелейт. Мындай кол жазмалар күйүп кетпейт.
Мурда Биринчи май райондук соту мурунку өкмөт башчынын камактагы мөөнөтүк 5-октябрга чейин узарткан болчу. 
Мурдагы премьерге карата 2018-жылдын 29-майында Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча КР КК 303 беренесинин 1 б. менен кылмыш иши козголгон (Коррупция).
Бакыт Стамов
сүрөт www
