Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылычбек Султанов маданият Министрлигинин статс-катчысынан аны «сенсиребөөсүн» суранды

Минитрликтегилер Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчисинин дооматы эмне үчүн орунсуз экендигин түшүндүрүп беришти

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов КР маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин ишине нааразы экендигин билдирди, тактап айтканда Кыргызстандагы туризмди чет мамлекетте жарнамалоо боюнча доомат. бул постту ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Маданият министри ооруп жатыптыр, ордунда Секимов деген неме экен. Секимов, сенсиребей сүйлөгөндү үйрөнүп алыңыз, бешигимди терметкен эмессиз! Мен Кыргыз Республикасынын туризм тармагын Корея Республикасына жарнамалоо үчүн силерден брошюра, плакат сыяктуу маалыматтарды сурап кайрылдым. Мекенибиздин туризм тармагын даңазалоо боюнча каттарыбызга бир да жолу жарытылуу жооп жазбаганыңар аз келгенсип, тигиге телефон чал, буга телефон чал дейсиз. Тармактын жетекчиси катары эң биринчи бул сиздин милдетиңиз", - деп жазат ал.
 
Андан сырткары, ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бул көйгөй көп жылдардан бери чечилбей келе жаткандыгын кошумчалады.  

- Чындыгында мен бул постту жазуу менен ал көйгөй чечилип кетээрине көзүм жетпейт, - дейт ал. Мен элчи болгондон бери эле бул көйгөй чечилбеген маселе боюнча турат, - дейт ал.  - Дайыма эле бир шылтоо - акча жок деген. Ошондуктан мен бул маселенин тийешелүү мекеме тарабынан тез арада чечилип кетээрине ишенбейм. Өз күчүбүз менен бирдеке кылабыз эми!

Ал арада маданият Министрлигинин алдындагы туризм Департаментинин башчысы Чубак Оморов  Vesti.kg сайтына Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кыдаалды бир аз башкача түшүнүп алгандыгын айтты.

- Ооба, ал бизге чалды, бирок бир аз кечигип калды, - деп түшүндүрөт чиновник. - Ал Кореядагы көрсөтмөдө Кыргызстандын атынан кандайдыр бир жеке туристтик фирманы өкүл катары көрсөтүүнү суранды. биз ал тууралуу маалыматты бул жерде таркаттык, бирок биздикилердин эч кимиси буга катышкысы келген жок. Ал эми департаменттин болсо андай сапарга акчасы жок. Азыр да ал сураган брошюралар, журналдар жана сувенирлер жок бизде. Анткени алар жасалаары менен чет өлкөгө таркап кетет. Андан да мындай нерсени алдын ала айтыш керек, биз бюджетибизди даярдап алуубуз зарыл ал иш чарага. Мисалы Ташкенттеги көргөзмөгө жарым жыл мурун чакыруу алганбыз. Ошондуктан бизде даярданууга убактыбыз бар.
 
Ошону менен бирге мамлекеттик чиновник Кылычбек Султановдун дооматы таптакыр биздин дарегине туура келбейт деп белгиледи.

- Журнал, брошюраларды чыгаруу Департаменттин милдети, мадания Министрлигинин милдети эмес ал, - деп улады Оморов. - Ооба, биз мекеменин карамагындабыз, бирок биздин бюджетибиз өз алдынча.
 
Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх