Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө абагында уктай албай жатат

Жакында мурунку өкмөт башчынын жүрөгүн комплекстүү текшерүүдөн өткөрөт

Омбудсмен институтунун кызматкерлери УКМК СИЗОсуна  Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусунун өтүнүчү боюнча кирип чыгышты.

Мурда Сатыбалдиев Омбудсмендин кызматкерлерине анын жүрөгүн текшертүүгө жардам кылгыла деп кайрылган болчу, 2013-жылы анын коронардык артериясына териден жамап операция кылышкан. Мурунку чиновник мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп жана жардам көмөкчү терапия алып турган. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, дарыгерлер ага көбүрөөк басып жана кез-кези менен текшерүүдөн өтүүнү сунушташкан.

Камалгандыгына байланыштуу анын ден соолугу начарлап кеткен. Сатыбалдиев түнү уктай албай жатат.

Омбудсмендин аппараты тергөө абагынын жетекчилигине расмий кат жолдоду. УКМКнын төрагасы менен жоолугушуу жүргүзүлдү.

УКМКнын жетекчилиги жакын арада Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүн комплекстүү текшерүүдөн өткөрүүгө кам көрүшөт.

Омбудсмендин маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх