Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевди неврология бөлүмүнө которушту

Соттолгон экс-депутатка «Ата-Мекен» фракциясынын лидери кирип жоолугуп чыкты

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевди Улуттук кардиология борборунун неврология бөлүмүнө дарылануусун улантуу үчүн которушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди 25-августта дарыгерлердин консилиумунда чыгарышты.

- 2009-жылы Өмүрбек Чиркешовичтин омурткасына операция жасалган, ушул себептен аны неврология бөлүмүнө которушту, - деп түшүндүрдү Шыкмаматов. - Мен ага кирип чыкты, бир аз сүйлөштүк. өзүн жакшы сезип турат, маанайы жакшы.

Эске салсак, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурда колониядан Улуттук кардиология борборуна которулган болчу.  

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх