Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэри БШКнын кыргыз тили боюнча экзаменди кайра тапшыруу сунушун азырынча ала элек

Муниципалитеттегилер чечим расмий документти кабыл алган соң чыгарылат деп түшүндүрүштү

Бишкек мэри Азиз Суракматов Боршайкомдун кыргыз тили боюнча экзаменди кайра тапшыруу сунушу тууралуу расмий катын ала элек. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына муниципалитеттин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

- Биз БШКдан расмий катты алган соң, бул маселени юристтер менен талкуулап туруп анан чечим кабыл алабыз, - деп түшүндүрдү ал.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.  kg сайтына жарандык активист Канышай Мамыркулованын БШКга арыз менен кайрылгандыгын маалымдашкан эле. Ал Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашовдун кыргыз тилинен экзаменди «Кыргызтест» системасы менен тапшыруусу тууралуу маселе боюнча арыз менен БШКга кайрылган. Канышай Мамыркулова өзүнүн талабын өкмөттүн 2017-жылы 13-июлда чыккан Ош жана Бишкек мэрлери кыргыз тилин билүү джеңгээлин «Кыргызтест» системасы менен тапшыруусу зарыл деген токтомуна негиздеген.

Боршайкомдун коллегиясы Канышай Мамыркулованын арызын орундатуудан баш тартты жана ошол эле мезгилде Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашовго кыргыз тилинен экзаменди «Кыргызтест» системасы боюнча кайра тапшырууну сунуштады.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх