Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев мындан ары парламентке барып турат

Депутатка үй камагы өз ишмердүүлүгүн улантууга жолто болот

Үй камагындагы депутат Канатбек Исаев мындан ары парламентке барып, жыйынга катышууну көздөйт. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына анын агасы Талантбек Исаев билдирди.

- Жогорку Кеңеш анын негизги жумушу, ошондуктан ал өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга тийиш , - деп белгилейт депутаттын бир тууганы. - Бөгөт коюу чарасы анын өз ишин аткарууга чек койбойт. Негизгиси, ал өз убактысында үйдө болуп, өлкөдөн чыгып кетпесе болду.

Белгилей кетели, Канатбек Исаев кечээ Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынына катышып, ММК жана коомчулукту бир аз таң калтырды.

Эске салсак, Канатбек Исаев 2017-жылдын 30-сентябрынан бери УКМКнын СИЗОсунда камакта болду.
Депутат «Кылмышка даярдануу», «Массалык башаламандык» жана «Бийликти күч менен тартып алып, кармап туруу» беренелери менен айыпталган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх