Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-омбудсмен Кубат Оторбаев эс алууга кеткенден кийин эмне менен алек болоорун айтты

Мурдагы акыйкатчы жаңы долбоорлорду ишке киргизет

Кыргызстандын экс-омбудсмен Кубат Оторбаев саясий кызматтан кетти, эми ал жеке өзүнүн долбоорлорун ишке ашырат. Бул тууралуу Vesti.kg. сайтына ал өзү билдирди.

Кубат Табалдиевич өзү айткандай, ал бул кызматтан кетип жатып башка мамлекеттик кызматты көздөгөн жок.

- Мен кызматтан кетип жатып айткан болчумун, адамдын өмүрүндө башка бир тармакка кетип, ошол жактан мамлекетке көбүрөөк пайда алып келе турган учур келет деп. бул деген сөзсүз эле мамлекеттик кызматка баруу дегендик эмес. Бүгүнкү күндө менин жеке долбоорлорум бар, ошолорду ишке киргизем. Бирок алар тууралуу кеп кылууга али эрте, - деди Оторбаев.

Эске сала кетсек, акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өзүнүн кызматтан кетээри тууралуу кайрылуу жасаган.

Азыркы учурда өлкөнүн негизги укук коргоочусунун орду бош турат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх