Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Уланбека Рыскуловду кылмыш жообуна тартышы мүмкүн»

Кызматтан алынган ӨЭКМК башчысы өз кызматын эптей албай, көп катачылыктарды кетирген деген пикирлер бар

Президенттин Уланбек Рыскуловден кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол коюусу абдан туура, анткени ал өз милдеттерин аткара алган жок. Мындай оюн Vesti.kg сайтына энергетика эксперти Расул үмбөталиев билдирди.

- Бишкек ЖЭБде авария болгон учурда Рыскулов ӨЭКМК буга тийешеси жок деп билдирген. Бирок бул факт боюнча аталган комитет энергетика жана өнөр жай Министрлигин функциясын аткарат да, - деп түшүндүрдү. - Алар бардык жоопкерчиликти моюндарына алууга милджеттүү болчу.

Расул Акматович энергетика тармагында жана кен иштетүүдө иштерди аткарбай үйүп салгандыгын белгилеп кетти.


- Жер үй маселеси дагы эле чечилбеди, - деп эскертти ал. - Биздин өлкөдө кендерди иштетүү кароосуз калды деп айтууга болот. Комитеттин башчысын иштен алып гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да тартуу керек. Ал көп катачылыктарды кетирди. Бизде чиновниктер жазадан качып кетет, анан чет мамлекетте бактылуу өмүр сүрүшөт. Мындай болбошу керек.

Эске сала кетели, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыктын негизинде Уланбек Рыскулов КР кен иштетүү, энергетика жана өнөр жай  Мамлекеттик комитетинин башчылыгынан бошотулду.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх