Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чекисттер Дастан Бекешевдин нааразычылыгына түшүнбөй турушат

УКМКнын мурдагы жетекчилеринин пикири боюнча, Өзбекстандын Кыргызстанда каттоосуз жүргөн жарандары биздин эмгек рыногубузга сокку урат

Визалык абал чектөөчү чара катары эмгек рыногун сактайт, ички улуттук карама каршылыктын негизинде да киргизилет. Эгерде депутат биздин Өзбекстандын жарандарынын каттоосуз жүрүүсүн узартуубузду айтып жатса, анда биздин жарандардын да Өзбекстанда жүрүүсүнө ошондой шарт түзүлөөрүн билүүбүз зарыл. Мындай ой жүгүртүүсүн Vesti.kg сайтына УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку начальниги Максат Мамытканов билдирди.

Түшүндүрө кетели, Дастан Бекешев Twitterдеги жеке аккаунтуна "УКМК жана ТИМ КР аймагында каттоосуз жүргөн өзбек жарандарынын көбөйүшүнө каршы" деп жазат. Эл өкүлү өз постунда УКМКнын мындай деген расмий жообун келтирген "Өзбекстандын көпчүлүк жарандары Кыргызстанга келишет да, бирок уруксат алышпайт" .  Андан сырткары, "Өзбекстандын жарандарынын КР аймагында каттоосуз 30 сутка болушу башаламан миграциялык агымга жана тийешелүү эсептин жоктугуна алып келиши мүмкүн".

- Кыргызстандын экономикалык карым катнашы Өзбекстан менен анчалык деле тыгыз эмес, алардын биздин аймакта көп убакыт туруусуна негиз деле жок, - дейт Мамытканов. - Эгерде биз өзбек жарандарынын КР аймагында каттоосуз жүрүүсүн узартсак, анда бул нерсе биздин эмгек рыногубузга сокку урат. Ал эми бул салыктын азайышына алып келет.

Өз кезегинде УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков да Дастан Бекешевдин сөзүнө каршы болду.

- Көп жылджар бою Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда визалык абал болчу, бирок аны алып салышты, - деп эскертет ал. Бирок коңшу мамлекеттин жарандарын каттоого алууну жок кылбаш керек, алар 5 күн ичинде каттоого турушу зарыл. Чындыгында эле алар бизге эмгек мигранты болуп өтүшөт. Алардын баары эле эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат ала беришпейт, көбү салык төлөбөйт. Бул учурду эске алып УКМК жана ТИМ өлкө кызыкчылыгын көздөп жаткандыгын айтууга болот.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх