Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Кожобек Рыспаев тымызын салгылашуунун куралы болуп калдыбы?

Эксперттин ою боюнча, эл өкүлүнүн КСДПнын катарынан чыгарылышы жана өкмөттүн сыйлык бериши алдыда болуучу элитанын төш тирешинен кабар берет. Бирок башка да пикирлер бар

Кожобек Рыспаевдин КСДПдан чыгарылышы, ошол эле учурда өнөр жай жана энегетика Мамлекеттик комитети тарабынан ардактуу белги менен сыйланышы кадимки ич ара элитанын кармашын билдирип турат. Мындай дегеноюн саясат таануучу Марс Сариев Vesti.kg сайтына билдирди.

- Рыспаевди КСДПдан чыгаргандарынын негизги себеби, ал ЖК отун - энергетика  комплекси боюнча комитетти жетектеп турган учурда бишкек ЖЭБдеги аварияны иликтөөдө КСДП мүчөлөрүн жаап жашырып кала албагандыгы болду, - деп жоромолдойт ал. - Рыспаевди партиядан чыгарып таштоо албетте анын саясий беделине таасирин тийгизет. Чамасы бийлик ошол себептен ага сыйлык берди көрүнөт, эл да түшүндү анын адам экендигин, мамлекет тарабында экендигин. Ушул процесстердин баары КСДПнын ичинен ирип аткандыгынан кабар берет.
Өз кезегинде экс-премьер-министр Феликс Кулов партиядан чыгарылган Кожобек Рыспаевге берилген сыйлыктан эч кандай саясат көрө албайт.

- Сыйлыкты берген мекеменин жетекчиси анын КСДПдан чыгарылгандыгын билбеши деле мүмкүн, - деп белгилейт Кулов. - Ага жөн эле ЖК тийешелүү комитетин башкаргандыгы үчүн эле беришсе керек. Мындан бир нерсе издөөнүн кажети жок деп ойлойм. Андан сырткары аны ЖК тийешелүү комитеттин башчылыгынан чакыртып алуу сунушталган.

Кечээ өнөр жай жана энегетика Мамлекеттик комитетинин башчысы Уланбек Рыскулов «Каарман» төш белгиси менен Кожобек Рыспаевди сыйлады жана өндүрүш тармагында анын кошкон салымын баалады.

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх