Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга марттык менен кредит берип жаткан Кытай эмнени көздөп турат?

Кээ бир адамдар биздин өлкө эгемендүүлүгүн жоготуп албасын деп кооптонушат, анткени Кытай өзүнөн карыз өлкөлөрдүн жерин менчиктеп алат. Эксперттер тынчтанууга чакырат

Кытай бизге кредит берүү менен колония кылуунун жана мамлекеттин үстүнөн башкаруу механизмдерин киргизип жатат. Мындай деген билдирүүнү кыргыздардын аксакалдар кеңешинин маалымат жыйынында билдиришти.

Кеңештин өкүлдөрүнүн пикиринде Кытайдан алган кредиттин айынан Кыргызстандын суверенитети коркунучка кабылды.

ЖК депутаты Исхак Масалиев бул туурасында өз оюн айтты. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал Кыргызстан бул карызды өзү сурап жаткандыгын айтты.

- Аксакалдар деген кимдер өзү? Бизде эмне уруулук бөлүнүш барбы? - деп өз оюн билдирди эл өкүлү. - Бул эми кээ бир гана жарандардын ою. Мен белгилей кетейин, бизди эч ким кредит алгыла деп зордогон жок. Биз өзүбүз Кытайдан, Европадан суранып жатабыз бергилечи деп. Ал эми карыздын ордуна жерди берүү фактысы жок. Бул туура эмес баа берүү болуп саналат.

Көйгөй алынган кредиттин туура эмес пайдаланылып жаткандыгында болуп жатат деп кошумчалады депутат.

- Биздин кредитти туура эмес пайдаланып жаткандыгыбыздан улам тоскоолдук жаралып жатат. Мен 4 миллиар кредиттин жумшалышына макулмун, - деп аяктады сөзүн Исхак Апсаматович.

Өз кезегинде саясат таануучу Мурат Мурат Сүйүнбаев Кыргызстан өзүнүн демилгеси менен кредит алып жаткандыгын белгилеп өттү.

- Өзү негизи кредитти алуу кандайдыр бир деңгээлде суверенитетти жоготуу болуп саналат, - деп эсептейт эксперт. - Мисалы, адам банктан кредит алганда ага көз каранды болуп калат. Кытай бизди кредит алгыла деп зордогон жери жок. Кыргыз өкмөтү өзү суранып атат. Жарандардын айрымдары жол курулду деп кубанып жатса, нааразы болгондору да бар.

Маалымат жыйынында КР өнүгүү стратегиясы боюнча эксперттик топтун координатору Марат Усманов Кытайдын кредит берүүдөгү негизги максаты пайда табуу эмес, карыз болгон өлкөнүн маанилүү обьектилерин кредитти төлөө акысына алуу болуп эсептелет деп билдирди.

Сүйүнбаев бул боюнча кредитти күрөөгө бир нерсе коюу менен гана берет деп айтты.

- Аймак боюнча мен так айта албайм, бирок кендер бар. Мисалга киши банктан алган карызын төлөй албаса анын үйүн алып коёт. Бул жерде деле ошондой эле, башкача бир нерсе деле жок, - деп айтты ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх