Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Жооп берүүнү эч кимиси каалабайт. Эмне Үчүн? Баары бир шайлоодо миллиондорду топтош керек

Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнүн шайлоочулар алдында жооп бериши керектиги тууралуу өз оюн айтты

Депутат Дастан Бекешев бийлик өз элинин алдында отчет бериши керектиги тууралуу оюн айтты. Депутаттарга тийешелүү бир нече постту  Тwitterдеги аккаунтуна жазып калтырды.

Эл өкүлүнүн сөзү боюнча ар бир депутат эл алдында отчёт бериши керек, анткени ал өзү үчүн эле иштеп жаткан жок да.

Төмөндө Дастан бекешев жазган постту келтиребиз.

«Ооба партиялар отчёт бериши керек, бирок азырынча берише элек. Деги эле биздин Конституцияда таң калыштуу нерселер өтө көп: партия менен фракция бир эле нерсе эмес да, депутаттар партиялардан шайланып келишет, бирок аягында депутат эч кимге баш ийбей калат.  Ушул ботконун баарын парламенттик өлкө деп атап коюшкан. Өзү өзү алдоо».

Дастан Далабаевичтин ою боюнча, өкмөт Жогорку Кеңештен бөлүнүп калган.

«Өкмөт өзүн өзү бийлейт. Премьер-министр болсо партияга тийешеси жок, анын шайлоочулар менен иши да жок. А бирок белгилүү бир кишилердин алдында милдеттүү. Өкмөттүн шайлоочулардын алдында милдети жок болгондон кийин билген нерсесин жасай берүүгө болот да. Мисалы, экономика министри катары салыкты көтөрүп койсо болот. Ал шайлоо тууралуу ойлобойт, анын партиянын алдында жоопкерчилиги жок».

Андан сырткары, депутат ушундай түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстандын эли кыйналып жатат.
«Ошондо депутат партия менен фракцияңа түкүрүп да койбойт экен да. Өкмөт болсо ЖК уруп ойнобойт. Анткени премьер-министр партиянын атынан эмес Президент тарабынан келет экен. Жыйынтыгында элге кыйын».

Эске салсак, кечээ Vesti.kg сайты Дастан Бекешевдин Жогорку Кеңеш кылган ишщин эл алдында жайып айтып турушу керек деп жазып чыккандыгын жазган.
Бардык эле кесиптештери анын ою менен макул эместигин билдиришти. Атап айтканда Мурадыл Мадеминов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Конституция боюнча депутаттар жана өкмөт жарандардын алдында отчет бериши керек эмес билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх