Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери Жээнбековдон тартипти калыбына келтирүүнү суранышат

Аскер кызматкерлери карапайым адамдардын өздөрүнө тийешелүү эмес төлөмдөрдү алып жатышкандарына нааразы

Укук коргоочу жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлери ооронбай Жээнбековго ардагерлер Кеңешиндеги эреже бузууларды териштирүүнү суранышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин Коомдук кеңешинин төрагасы Анвар Сартаев билдирди.

- Аскер кызматчылары мамлекет башчыдан эки ардагерлер Кеңешиндеги каржылоону териштирүүнү суранышат, анткени ал жерде коррупция гүлдөп жатат, - деди ал.  - Аталган ишканада каражаттар тийешелүү жакка колдонулбай жатат, бул тууралуу буга чейин бир нече ирет айтылган. Тактап айтканда, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине жана тылда эмгектенгендерге деген төлөмдөр эмгектин пенсионерлерине жана жарандык жактарга берилип жатат. Бул мыйзамсыз көрүнүш жана көзөмөлдөөчү нормага туура келбейт.

Анвар Айдарович «Республикалык согуштун ардагерлеркеңешин жа Куралдуу күчтөр менен эмгектин ардагерлерин» каржылоону териштирүүнү Башкы прокуратурага жана Эсептөө палатасына расмий кат жолдоо менен кайрылгандыгын белгиледи.

- Бул бирикмедеги 118 кишинин 98 кишисинин ардагер деген макамы жок, - дейт ал. - Биз президенттен азырынча жооп ала элекпиз, бирок бул иште аягына чейин барабыз жана бийлик тараптан колдоо күтөбүз.
Эске сала кетсек, мурдараак Vesti.kg сайты Анвар Сартаевдин Кыргызстандагы көптөгөн ардагерлер Кеңешиндегилер мыйзамсыз айлык акы алышып, мыйзамсыз кызматтарда отурушат деп билдиргенин жазган эле.

Аскердик укук коргоочунун сөзү боюнча пенсиядагы мамчиновниктер эч кандай «афганчы», же эч кандай куралдуу күчтөрдүн ветераны болбой туруп эле бул кызматтарды ээлеп алышкан.
 
Бул тууралуу кошумча маалыматты мурдагы аскердик прокурор Кубатбек Кожоналиев берди.

Ал Башкы прокуратурага 2015-жылы согуштун ардагерлери, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана тылдын эмгекчилери тууралуу мыйзам бузулгандыгын көрсөткөн.

- Буга окшогон кайрылуу Жогорку Кеңешке да түшкөн, бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес, - деп айтты Кубатбек Азатович.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх