Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлоо күнүн жарыя кылат

Парламенттин тийешелүү комитети эртеңки жыйында бул создугуп жаткан маселени карайт

Эртең ЖК Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо күнүн жарыялайт. Бул туууралуу Vesti.kg сайтына конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш укуктук-соттук маселелер жана Регламент боюнча комитеттин мүчөсү депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

- Эртең комитеттин жыйыны болот, анда ушул маселени карайбыз, - деди ал.

Эске сала кетсек, акыйкатчынын орду эки айдан ашык убакыттан бери бош турат.

Бош турган орунга талапкер болуп саясат илимдеринин доктору Канатбек Азиз «Ата Мекен» фракциясынан, ошондой эле Омбудсмендин эмгекчи жамаатынан Урмат Аралбаев чыкты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх