Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Өкмөттө башаламандык болуп жатат

Парламенттик комитеттин жыйынында Сауд Арабиясынан канча өлчөмдө гранттык акча алууну ким чечкендигине аң таң калышты

Өкмөттө баш аламандык өкүм сүрүүдө. Vesti.kg сайтына Рулан Казакпаев ушинтип комментарий берди.

- Бүгүн парламенттик комитеттин отурумунда биз Сауд Арабиясынан гранттык ача алуу тууралуу маселени карадык, ал акчаларга медициналык жабдуулар алынышы керек эле, - деп түшүндүрдү ал. - Мени түйшөлткөн нерсе, бул жабдууларды ала турган медициналык борборлор кандай түрдө болот. Саламаттык сактоо Министри келишим ал келгиче болгондугун, кол да мурун коюлгандыгын жана анализ жүргүзүлбөгөндүгүн айтат.
өз кезегинде каржы министринин орун басары бул гранттык келишимдин демилгечиси ким экендигин да билбестигин айтты. Бирок белгилүү бир багытты болжобой туруп кантип кредит алууга болот? Бул каражаттарды кай жакка жумшашат?

Руслан Айтбаевич бул гранттын суммасын кимдин аныктагандыгы белгисиз экендигин кошумчалады.

- Мен эмне үчүн 30 миллион доллар эмес, 3,7 миллион доллар  кредит алаарына кызыктым, - дейт эл өкүлү. - Бизде бул акчаны жумшай турган көйгөйлөр көп. Бул келишим тууралуу суроолор көп, бирок жооп жок. Менин оюмча эки окуу бүткүчө тийешелүү маалымат келип түшсө керек бизге.

Түшүндүрө кетели, ушул жылдын апрель айында Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда Тунисте гранттык келишимге кол коюлган. Ал келишим «медициналык борборлорго жабдуу алып келүү жана курулуш» долбоору боюнча болчу.  

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх