Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадрлардын жетишсиздигиби? Кыргызстанда дээрлик бир айдан бери өкмөттүн аппаратынын орду бош турат

Эксперттер министрлер кабинети туура келе турган татыктуу кесипкөйдү таба албай жатышат деп эсептейт

Кыргызстанда бир айдан бери өкмөттүн аппарат жетекчисинин орду бош турат. 8-августта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тийешелүү жарлыкка кол коюу менен Мурат Мукамбетовду отставкага жиберген, бирок жаңы дайындоо азыркыга чейин боло элек.

Саясат таануучу Зайнидин Курманов Vesti.kg сайтына менен болгон маегинде бул кырдаалды кадрлардын жетишсиздиги деп атады.

- Президент айтпадыбы, татыктуу талапкер жок экендигин, - деп эскертти эксперт. - Менин оюмча создугуп жаткан дайындоо ошого байланыштуу болсо керек деп ойлойм. Чындыгында эле кадрлардын жетишсиздиги баарына элк өрүнүп турат. 6 жыл ичинде Атамбаев бардык кадрларды түгөттү, эч ким деле калган жок.
Ал эми дагы бир белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев өкмөт жаңы татыктуу кесипкөй адамды издеп жатат деп эсептейт.

- Аппарат жеткчини премьер өзү тандайт, деди ал Vesti.kg сайтына. - Баары окшошуп кетип баратат, президенттин аппарат жетекчисин кечигип тандашты, кийинчерээк биринчи орун басарын шайлашты. Кадимкидей эле көрүнүш, издеп атышат татыктууну.

Эске салсак, мурдагы өкмөттүн аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх