Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда К4 экологиялык классынан төмөнкү бензиндерге тыюу салууну сунуш кылышат

Жаңы мыйзам 2019-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кириши мүмкүн

ЖК агрардык саясат, суу ресурсу, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитети  Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн 10-сентябрда үчүнчү окууда жактырды.
 
23-берененин 1 бөлүмүнө төмөнкү редакциялоону сунуштайт:

«Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы уюмунун техникалык талабына туура келбеген күйүүчү-майлоочу материалдарды жана отундарды алып кирүүгө тыюу салынат.2019-жылдын 12-августунан баштап Кыргыз Республикасынын аймагына К4 экологиялык классынан төмөнкү дизель жана бензиндерди алып кирүүгө тыюу салынат».

 

КР ЖК маалымат кызматы
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх