Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдоочулар президенттен салмак жана көлөмдү көзөмөлдөө үчүн төлөмдү алып салууну суранышат (видео)

Жүк ташыгычтар бул төлөмдү мыйзамсыз деп эсептешет. Ал эми транспорт Министрлиги болсо башкача айтат

Айдоочулар көлөм жана салмак үчүн көзөмөлгө төлөөнү мыйзамсыз деп эсептешип, аны жокко чыгарып берүүнү президенттен суранышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына жүк ташуучулардын бири Бакыт тойчубеков айтып берди.

- Биз ар бир жолу салмак, көлөм текшерүү пунктуна келгенде 250 сомдон төлөйбүз, - дейт ал. - Бирок мындай болушу мүмкүн эмес эле, транспорт Министрлиги бизге эч кандай кызмат көрсөтпөй жатат. Бул газ көрсөткүчүн текшерген киши үйгө келип алып менин кызматыма төлөгүлө деген сыяктуу эле да. Бул адилетсиздик. Жолдун коопсуздугуна транспорт Министрлиги жооп берет. Биздин бул жерде кандай тийешебиз бар? Жыйынтыгында мунун баарына карапайым адамдар төлөп калабы?

Өз кезегинде «Коррупцияга каршы коом» коомдук уюмунун башчысы Манас Кадыров да бул нерсени мыйзамсыз деп эсептейт.
- Машиналарды таразага тартуу транспорт Министрлигине керек, анткени алар жол коопсуздугуна жооп беришет. Эмне үчүн анда бул процедурага айдоочулар акча төлөшү керек? - деп нааразычылык билдирди ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Жүк ташуучулар өзүнчө жол салыгын төлөшөт. Анан бул салмак менен көлөм текшергендин акчасы кайда кетет? Ашыкча жүк үчүн фураларга айып пул салынат, бирок таразага тьарткандыгы үчүн башкалары деле акча төлөй беришет. Ошондуктан коррупция менен күрөштүн алкагында биз Президенттен бул төлөмдү алып салууну суранабыз.

Транспорт Министрлигинин суу, автомобиль жана салмак, көлөм текшерүүнү көзөмөлдөө Агентствосу Vesti.kg сайты бул тууралуу комментарий үчүн кайрылганда мына буларды айтты. Чогултулган каражат таразаларды оңдоого кетет деп жооп беришти.

- Үстүбүздгү жылдын 8 айынын ичинде 49,5 миллион сом чогулган. - Бул акчалар республикалык бюджетке которулат. Биздин мекеме ал акчаны кармабайт. Төлөмдүн өлчөмү болсо 1012-жылы өкмөттүн токтому менен бычылган. Тилекке каршы ушундай окуялар көп болот бизде, айдоочулар эмнеге төлөйбүз дей беришет. Бул төлөм мыйзамдуу эле деп айткым келет.

Эльвира Алабина
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх