Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоодон кийин оюн эрежеси өзгөрбөш керек

Мамлекет башчы ЖК спикерине кайсы мыйзамдар биринчи кезекте карала тургандыгын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 10-сентябрда Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен парламенттин кезектеги сессиясы тууралуу жоолукту. Өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук саясий өнүгүүсү тууралуу пикир алмашуулар болду. Президент Жогорку Кеңеште биринчи кезекте карала турган мыйзамдардын топтому бар экендигин айтты. Алардын ичинде кийинки жылдын бюджети да бар. Ошондой эле кыш мезгилине даярдык көрүүдө өкмөткө колдоо көрсөтүү маселелери да камтылат.

Андан сырткары, Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоодогу туруктуулукту камсыздоонун маанилүүлүгүнбелгиледи. “Бардык өзгөрүүлөр шайлоого чейин такталышы керек, “оюн шарттары” шайлоодон кийин өзгөрүшү кеерек эмес!, - деп эскертти мамлекет башчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн жана мамлекеттин өнүгүшү үчүн бардык
бийликтин бутактары ишке тартылышы керек экендигин тактай кетти. Дастан Жумабеков тийешелүү комитеттер жана депутаттык комиссиялар өз иштерин башташкандыктарын белгилеп кетти. Ушул жумада парламенттин жыйыны башталат. “Кыргыз Республикасынын парламенти кийинки Жогорку Кеңештин сессиясынын ишине даяр", - деп белгиледи Жумабеков.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх