Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туйгунаалы Абдраимов аны премьер кылат деген сөздү угуп алып, күлдү

Чүй облусунун башчысы мындай ушактар өкмөт башчы экөөбүздүн ортобузга от жаккысы келгендердин максаты дейт

Күзүндө өкмөт таркап, жаңы министрлер кабинетинин башчылыгына Туйгунаалы Абдраимов келет дегенсөз арык аттап, суу кечпеген сөз. Мындай деген пикирин мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Менн жакында эле Абдраимов менен сүйлөштүм, - дейт Феликс Шаршенбаевич. - Ал күлүп, бул ушакты мени менен өкмөт башчыны уруштурганы чыгарып жатышат. Мен эч кандай өкмөттүн отставкасын күткөнүм жок. Баары азыркы өкмөттүн октябрда бере турган программасын күтүп жатат.

Ал Мухаммедкалый Абыгазиев өз программасында өкмөттүн өзүнүн реформасын сунушташы мүмкүн экендигин белгиледи.

- Бул сунуштун жакшы болушуна үмүт артып туралы. Чиновниктердин алмашканынан бир гана эл жабыркайт, - дейт Кулов.

.Түшүндүрө кетели, ММКда өкмөттүн таркашы боюнча ушак кептер башталган. Алтургай премьерликке талапкер Туйгунаалы Абдраимов экендигин да айтышат. Ар кандай себептерден улам бир чындыктын изи көрүнөт, анткени Абдраимов Иса Өмүркулов, Атамбаев жана Жээнбековдор менен дос экендиги чындык.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх